Бүгүнкү күндө Ош шаарында коронавирус боюнча абал курчуп бара жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 8-июнда мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин илдет менен катталгандардын саны 4131 адам болгон. Ал эми бүгүнкү күнгө, 8-июнга жаңы 50 учур катталган.
Ооруканада дарыланып жаткандар — 142 адам. Алардын арасынан 94 адамдын абалы оор, 8 кишинин абалы өтө оор. 40 кишинин абалы орто оор.
Ош шаардык мэриясында илдет боюнча жыйын өтүп, шаардагы 2 мектептин спорт залын 30 орундуу стационарга айлантышкан. Дарыгерлер күнү-түнү тейлейт. Шаардын башка кичи райондоруна да ачуу пландалууда.