7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кылмыштуулукка каршы күрөштүн жарым жылдык көрсөткүчү

314

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча аткарылган иштер тууралуу жарым жылдык отчет жарыяланды. Бул туурасында аталган бөлүмдүн башчысы Шабдан Муратбеков билдирди.

  • Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча 314 мыйзам бузуу аныкталып, жыйынтыгында 17,4 млн сом акчалай, 855,3 млн сом наркында натуралдык түрдө өндүрүлүп, 11 кызмат адамы ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
  • Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 144 мыйзам бузуу аныкталып, 18 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 6 млн сом акча каражаты мамлекетке төлөнүп, 4 кылмыш иши козголду.
  • Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча 78 мыйзам бузуу катталып, 15 кызматкерге ар түрдү тартиптик чаралар көрүлүп, 807 762 сом акчалай мамлекетке төлөндү.
  • Балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы 44 мыйзам бузуу аныкталып, анын 28 учуру чечилип, мыйзам бузуу четтетилген. Мыйзам бузуунун 13 учуру текшерилүү процессинде.  Жалпысынан 9 кызматкерге тартиптик чара көрүлдү.
315