7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кыш мезгилине карата 20га жакын жол тазалоочу техника сатылып алынды

149

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көргөн.

Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” жана шаардык жолдор башкармалыгы тейлейт.

Мурунку жылдары 5-6 гана техника иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болушчу. Ал эми быйыл жаңы техникаларды кошкондо 26 техникага жетип, шаар жылдагыдан беш эсе көп техника менен камсыздалууда.

Мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды.

150