7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кытайлык көз дарыгерлери 317 бейтапка акысыз операция жасашты

134

Ошто кытайлык көз дарыгерлери 317 бейтапка акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 11–22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытай Эл Республикасынын көз дарыгерлери «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында иш алып барышты.

Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын түштүк аймагындагы калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү.

Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка акысыз операциялар жүргүзүлдү. Ар бир операциянын наркы орточо 100 миң сомдон ашат, бирок бардык чыгымдар Кытай Эл Республикасы тарабынан толугу менен каржыланды.

Белгилей кетсек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы менен Кытай дарыгерлеринин кызматташтыгы үч жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келет. Алсак, 2023-жылы — 338 бейтап, 2024-жылы — 237 бейтапка акысыз операция жасалган.

135