7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

408

Бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында «Биз биргебиз» аталышындагы бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов катышып, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинен балдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Шаардык маданият башкармалыгы жана музыкалык бий топтору тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, шаардык адистештирилген окуу жайларынан жана борборлорунан катышкан 400 баланын ар бирине белектер берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2024-жылдын 1-ноябрына карата жалпы 9 299 майыптыгы бар жарандар бар, анын ичинен майыптыгы бар балдар 1 583тү түзөт.

Белгиленгендей, бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар майыптыгы бар жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

 

409