Ошто мейманканага инженердик текшерүү жүргүзүлдү
17
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош шаарынын Ленин көчөсү 51а дарегинде жайгашкан имаратка инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү мейманкана багытында курулган объекттин сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлдү.
Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди түздү. Ошондой эле имараттардын конструкцияларына инженердик жактан комплекстүү анализ жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.