Ошто мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргызстандын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган.
Бул фактылар боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.