7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мыйзамсыз жер тилкелери боюнча кылмыш иши козголду

423
Ош шаарында жер тилкелер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаар мэриясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүнүн жеке кызыкчылыктары жана материалдык же башка пайда алуу максатында мыйзамсыз жол менен 55,36 гектар айыл чарба жерин «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которушкан. Натыйжада мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтиргендиги аныкталган.
Ошону менен бирге, 51,97 гектар айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен.
Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
424