7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто оор кылмышты уюштурууга шектелип Кадыр Досонов кармалды. Шериктери изделүүдө

1211

Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган банкттын капталындагы аялдаманын аркасында тергөөдө өздүгү аныкталбаган белгисиз атуулдар, өздөрүнүн кылмыштуу аркеттери менен адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетип калышкан.

Ошондой эле анын шериги, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. дагы денесинен (өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган) жарат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Натыйжада Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча ошол эле күнү Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада 13-январь күнү бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди.

Ошондой эле, бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды.

Анын шериктери, бул кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө.

Алар:

1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;

3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.

 

Андан сырткары, шектүүлөр айдап жүргөн “Тайота” үлгүсүндөгү унаа дагы табылып, учурда Ош ШИИБдин убактылуу токтотуучу жайына киргизилди.

Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыӊыздар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланыш коюушуӊарды суранабыз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1212