7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто түнкү суукта машинада уктап калган 5 жашар кыз куткарылды

135

Ошто милиция кызматкерлери түнкү суукта машинада уктап калган 5 жашар кызды куткарды.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн түндө болгон. Нөөмөттө жүргөн кызматкерлер Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуу жайында турган машинада наристе уктап жатканын байкашкан. Унаанын эшиги бек болгондуктан, ээсин таба алышкан эмес.

Түндө катуу суук болгондуктан эшикти талкалап ачып, үшүп калган кызды куткарып, тез жардам көрсөтүшкөн. Кийин ата-энесине өткөрүп берип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, кыз автоунаанын ичинде 4 сааттай уктаган.

136