7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын IMO боюнча алгачкы алтын медалисти MITке кабыл алынды

266

Кыргызстандын тарыхында Эл аралык математика олимпиадасында (IMO) алгачкы алтын медалды алып келген Назар Киргизбаев Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда MIT 2026-окуу жылына кабыл алуу боюнча эрте тапшыруу этабынын (Early Action) жыйынтыктарын жарыялаган. Кабыл алынган абитуриенттердин катарында Назар Киргизбаев да бар.

Акыркы эки жылда Назар Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасынан MITке өткөн төртүнчү окуучу болду. Мындан мурда бул окуу жайга Тилек Аскербеков, Эльдар Искандеров жана Искен Кенжебаев кабыл алынган.

Назар Киргизбаев №61 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Учурда ал «Маариф» билим берүү комплексинде Cambridge A-Level программасы боюнча билим алып, эл аралык стандарттарга ылайык университеттик окууга даярданып жатат.

267