7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто талаадан 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

920

Ошто Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрелде саат 10:00 чамасында, Кара-Суу районунун эгин талаасынан аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы боюнча Ош ОИИБнын нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн.

Аталган окуя Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал Алай районун тургуну 2000-жылы туулган М кызы А., экендиги аныкталган. Учурда эмне себептен каза болгондугун аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

«Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрель күнү жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө келген, келген учурда эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жарааты болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголуп, бүгүнкү күндө жансыз денеси табылган. Маркумдун дайынсыз жоголгондугу боюнча, жакын туугандары эч кимге арыз менен кайрылган эместигин билдиришкен»,- деп берилет билдирүүдө.

Азыркы учурда, аталган факт боюнча текшерүү иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921