Ошто эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көкбөрү мелдешинде «Кара-Кулжа» командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Кечээ, 31-августь Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде көкбөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында президенттин кубогу өткөрүлдү. Байге фонду 370 миң сомду түзгөн оюнга 12 команда катышкан.
Жыйынтыгында 1-орунду «Кара-Кулжа», 2-орунду Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы, 3-орунду Токтогул районунан келген команда алган.
Ошондой эле “Кунан чабыш”, “Жорго салыш”, “Ат чабыш” жана “Тай Жарыш” мелдештери өттү. Ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөргө авто унаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.