Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деген коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп туруусун талап кылышканы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чаралардын алкагында 29-июнда жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.