7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто уктабай койгон 5 жашар кыздын чачы жулунуп, сабалгандыгы иликтенүүдө

5714

Ошто уктабай койгон 5 жашар кыздын чачы жулунуп, сабалгандыгы иликтенүүдө. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктаган.

Анын айтымында, окуя 5-апрелде болуп, арыз 6-апрелде Ош шаарындагы «Жасмин» балдар бакчасынын бухгалтери Динара Сатыбалдиеванын үстүнөн түшкөн. Кыздын ата-энеси бакчанын кызматкерин «уктабай койгон кызга укол сайып, уруп, чачын жулуп сабаган», — деп айыптаган. Ал эми бакча кызматкери бул жок жерден жалаа жабуу деп эсептейт.

«Кызым күндүзү уктаганды жактыра бербейт. Энергиясы ашып-ташып, дайыма кыймылда болгонду жактырат. Бакчада түшкү тыныгууда балдар уктап эс алышат эмеспи? Окуя болгон күнү да кызым уктабай жаткан экен. Аңгыча бакчанын заведущийи Мария Быкова колуна шприц кармап кирип, “укта, болбосо укол саям” деп коркута баштайт. Бул учурда анын жанында бухгалтер Динара Сатыбалдиева да бар экен. Динара менин кызымын оң билегине “укол сайып”, кан акканына карабай “уктайсың” деп мажбурлаган. Кызым паникага түшүп калганда телефон менен башына чаап, чачынан тартыптыр», — дейт апасы.

Анын айтымында, бул бала бакчанын бөлүм башчысы Мария Быкованын Динарага оодарган жалган жалаасы. Ошондой эле, Быкованын бөлмөгө укол көтөрүп келип кызга сайганы, аны урушканы чын.

«Опузалап жатып капыстан сайып алдыбы, билбейм. Кан чыгып жаткан жерин арчып жатканына көзүм түшкөн. “Азыр колуңа, көзүңө, тилиңе саям. Анан уктайсың” дегенин угуп жаттым. Кичине кыз “уберите руки, заколкамы бериңиз” деп, заведующий кыздын башына ныгыра таккканда чыңырып жиберди. Телефонду өчүрүп, заведующийден ыйлатпоону сурандым. Ал уколдору салынган баштыгын көтөрүп чыгып кетти. Кыз мени чакырып, “ооруп жатат” деп колун көрсөттү. Карасам сыйрылып калыптыр. Ал эми менин үстүмөн арыз жазылганын тергөөчү чакырганда гана билдим. Таң калдым. Камераларга тартылган деп тасманы ачсак 13 мүнөт кыркылып, кадр секирип калыптыр. Ошондо гана заведующий мени “постава” кылганын билдим», — дейт ал.

Ал эми бакчанын заведующийи Мария Быкова «Мындай нерсе болгон эмес. Шприц менен балага кантип бармак элек?» — деп кеңири комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Аталган арыз 119-беренеси менен (“майда бейбаштык”) катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жабырлануучу кыздын денесиндеги жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык, психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Корутунду чыкса кошумча маалымат беребиз», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, окуяга катыштыгы бар кызматкерлер кыздын ата-энесинин талабы менен кызматтан бошотулган.

Булак: «НурТВ»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5715