7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр кооптуу жолдорду оңдоону эп көрүштү

785

Сузактагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр биригип, кооптуу болгон жолду оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Сузак—Кара-Дарыя унаа жолунда кырсыктар көп катталып, адам өмүрү кыйылган учурларды эске алышкан, жана дал ошол кырсыктарды азайтуу максатында шаан-шөкөткө кеткен каражатты жолду оңдоого сарптоону эп көрүшкөн.

Уюштуруучу Медербек Арапбаевдин айтымында, бул ишти райондогу 5 мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү колго алышты.
«Баарыбызга белгилүү болгондой быйыл 2001-жылы мектепти аяктагандардын 20 жылдык мааракеси. Биз да классташтарыбыз менен макулдашып мааракеге сарпталчу каражатты ысырап кылбай, айыл эли үчүн пайдалуу ишке жумшоону чечтик. 6 чакырымга созулган Сузак—Кара-Дарыя унаа жолунун 3,5 чакырымы кооптуу аймакка кирет. Буга чейин аталган жерде унаа кырсыктары көп катталчу. Биз топтолгон каражатка атайын тосмолорду сатып алып, орнотууну чечтик. Алгач ишти баштаганда 30 бала болгонбуз. Ар бирибиз 5 миң сомдон акча чогулттук. Биздин демилгени айыл өкмөт да кубаттап, техника жагынан колдоп берди. Алгач 1 чакырым гана жолго тосмо орнотсок керек деп жатканбыз. Анткени биз чогулткан каражат ошол аралыкка гана жетчү. Кийинчирээк биздин идеяны райондогу башка мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү да колдоп кетишти. Буйурса жолду 1 аптага жетпей толук кандуу тосуп бүтүрөбүз», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786