Акыркы сутка ичинде 380 кишиден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында төрт жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда,
- Бишкек шаарында — 246,
- Ош шаары — 14,
- Чүй облусу — 91,
- Ош облусу — 5,
- Нарын облусу — 2,
- Ысык-Көл облусу — 15,
- Жалал-Абад облусу — 5,
- Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.
Март айынан бери 93 миң 006 киши вируска чалдыгын, 1 миң 566 бейтап көз жумду.