7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто уурдалган унаа изи сууй электе табылды

598
Ошто уурдалган унаа изи сууй электе табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-марттан 6-мартка караган күнү саат 01:30 чамасында Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган А.А. өзүнө таандык болгон Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын Ош кичи районундагы аялдаманын алдына токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар унааны айдап качып кетишкен.
Аталган жаран унаасынын уурдалганы боюнча милицияга кайрылып, жол тескөөчүлөр изи сууй электе Ош шаарынан кармашкан.
Айдоочу 1996-жылы туулган жаран болгон. Ал мас абалында унааны уурдап качканы аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

599