7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек

438

 

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга өз каалоолорун билдирди.

«Президенттин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», — деди Улукбек Марипов.

Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардын ал-жайын сурады.

ОШондой эле ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышты.

Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү  айтылды. Өз кезегинде Өкмөт башчы айтылган өтунүчтөрдүн аткарыларын билдирди.

 

 

439