7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаровго жолдонгон «Ташиевге каршы кайрылуу» фейк экени аныкталды

606

УКМК президент Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы соцтармактарга тараган кайрылуу фейк экенин маалымдады.

«Мындай билдирүүлөрдү чагымчыл атайын кызматтын ишмердигин каралоону каалагандар таратып жатат. Акыркы убакта коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшү — пара алуу, опузалап акча алууга бюджетти уурдоого, аткезчилик жана башка коррупциялык иштерге бут тосулганын айрымдарга жаккан жок. Ошондуктан УКМКны шайлоо жараянына кийлигишип жатат деген маалыматтар да атайын жасалган чагымчыл калп. Атайын кызмат тескерисинче шайлоодо саясий административдик жана башка басым-кысымдарга жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатат», — деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат билдирүүсүндө бийликтин кийлигишүүсү менен өткен 2020-жылкы парламенттик шайлоонун аягы кандай бүткөнүн эскерткен.

Буга чейин «Фейсбукта президент Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган. Анда Ташиев кызматкерлерине «мыйзамсыз иштерди аткарууга көрсөтмө берип жатканы» тууралуу жазылып, атайын кызматтын акыркы иштери Ташиевдин популисттиги жана пиар өнөктүгү» деп сыпатталган. Кызматкерлер Камчыбек Ташиев эми аларды келе жатқан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликчил партиянын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө, шайлоо жараянына кийлигишүүгө мажбурлап жатканын белгилешкен. Ташиевди терагалыктан четтетип кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн мамлекет башчыдан өтүнүшкөн.

607