7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Ыйман Нуру» партиясынын эки өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды

804

Ош шаарынан «Ыйман Нуру» партиясынын эки өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүлдөрдүн иш-аракеттеринен чындыгында эле добуш сатып алуу үчүн акча каражатын тараткандары аныкталган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен катталып, андан аркы иликтөө иштери башталган.

Натыйжада Ош шаарындагы Автозаводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну М.И. кармалып, суракта «Ыйман Нуру» саясий партиясына үгүтчү экенин, 22-ноябрда Алмагүл аттуу штаб башчысынан 40 миң сом алып, аны добуш сатып алуу үчүн Латипжанов көчөсүнүн тургундарына таратып берип жаткан учурда кармалганын моюндаган. Ошондой эле М.И. айдаган «Матиз» унаасын тинтүү учурунда 20 даана 500 сомдук купюра, 4 даана «Ыйман Нуру» партиясынын үгүт баракчасы табылган.

Ушундай эле шек менен аталган партиянын башка да үгүтчүлөрү Т.Д. менен У.Н. да кармалышты. Алар Алмагүлдөн үгүт маяна катары 10 миң сом жана добуш сатып алуу үчүн акча алышканын, аны шайлоочу Т. Л.га беришкенин айтышкан.

Ал эми жогоруда айтылган штаб башчысы Алмагүлдүн өздүгү такталып, ал өз көрсөтмөсүндө «Ыйман Нуру» саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип жүргөнүн, ар бир добушка 1000 сомдон акчаны ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга бергенин билдирген.

Кармалган жарандар М.И. жана Т.Д. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805