29-ноябрда билим берүү уюмдары бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда КРнын Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында кээ бир билим берүү уюмдарынын (мектеп, бала бакча, университет ж.б.) имараттарында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген.
Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган билим берүү уюмунун имаратында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгаштырылган билим берүү уюмдары гана 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт, ал эми калгандары өз ишин кадимки режимде, салттуу форматта уланта беришет.