Кеминде жоголгон аял мечитке барып имамдан дуба окуп берүүнү суранган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда милицияга Боролдой айылында белгисиз кыз табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, Боролдой айылындагы мечитке бир кыз келип, имамдан дуба окуп берүүнү суранганын аныкташкан. Ошол эле учурда ал кайда жашаарын билбей турганын жана эч нерсе эсинде жок экенин билдирген.
Аталган кыздын өздүгү такталып, ал 1991-жылы туулган У.М. аттуу жаран экени аныкталган.
Андан соң ал кыздын жакындары табылып, кыз аларга өткөрүлүп берилген. Кыз психикалык жактан жабыркап келээри айтылган.