7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулууда

292
Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулууда. Долбоор боюнча А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт.
 Жаңы альтернативалык багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Кочконов менен Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы долбоордук көчөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул көчөнүн бир багыты Айтиев көчөсүнө, экинчи багыты Навои көчөсүнө чыгат.
Жыйынтыгында үч тараптуу айланма жол түзүлүп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылууга багытталган.
293