7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жарандын 12 млн сомун алып, алдап кеткен аял кармалды

500

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ноокат районунун аймагында жашынып жүргөн жеринен алдамчылыкка шектүү катары Араван районунда туулган аял кармалды.

Шектүү Ош шаарынын жана Ноокат районунун аймагында убактылуу батир жалдап, жашап туруп, жарандарга “арабдардын атайын фондунан үй алууга көмөктөшөм” деп алдоо жолу менен ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен.

Бүгүнкү күндө 12 жабырлануучу арыз менен кайрылган. Алардын эң аз сумма бергени 10 миң доллар, эң көп акча берген жабырлануучу 12 млн сом жана 20 миң доллар берген.

Учурда шектүүнүн үстунөн кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Баш коргоо чарасы бүгүн 13-декабрда Ош шаардык соту тарабынан каралаары айтылган. Соттун чечими азырынча белгилүү боло элек.

501