7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында жарылган унаа боюнча ИИМ үн катты

365

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Түркия элчилигинин имаратынын жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Рулду 27 жаштагы жаран башкарып бараткан.

ИИМдин маалыматына караганда, айдоочу унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтотууга аргасыз болгон. Андан соң унаадан өрт чыккан.

«Бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок. Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр унаадан чыккан жалынды толугу менен өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок. Учурда жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат»,- деп берилет маалыматта.

 

 

 

366