7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаш мугалимдерге жер тилкелери менен батирлер тапшырылды

1100

Ошто жаш мугалимдерге жер тилкелери менен батирлер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-сентябрда Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педогогикалык кеңешмеси болгон.  Иш-чарада облус башчысы Зиядин Жамалдинов баяндама жасап, облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө биргеликте аракет кылуу керек экенин билдирди.

“Ош облусунда билим берүү боюнча көрсөткүч салыштырмалуу жакшы эмес. Биздин облустун окуучулары предметтик олимпиада, ЖРТларда алдынкы орундарга ээ болушу үчүн сиздер сапаттуу билим бериңиздер. А мен сиздерге жана билим берүү тармагына шарт түзүп берүүгө күчүмдү жумшайм. Ошондуктан баарыбыз биргеликте облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө аракет кылалы”,-деди Зиядин Жамалдинов

Ош облусунун башчысы жаш мугалимдерге акчалай сыйлык, жер тилкелерин жана батир алууга сертификат тапшырып, мындан ары жаш мугалимдерге да өзгөчө шарт түзүлөрүн билдирди.

“Мындан ары биз жаш мугалимдерди турак жай жана батир менен камсыз кылуу, аларга шарт түзүп берүү боюнча жумуштарды алып барабыз”, — деп кошумчалады Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоого кошкон салымы жана жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдер ардак грамота менен сыйланды. Ал эми жаш мугалимдер арасындагы өзгөчөлөнгөн мугалимдерге жана жаңы окуу жылына сапаттуу даярдалган билим берүү мекемелерине акчалай сыйлык, ЖРТда жогорку упай алган окуучулардын мугалимдерине 10 миң сомдон тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1101