Бугүн, 14-сентябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ОшМУнун мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын кабарлаган.
Буга аталган окуу жай жооп берип, айыпталып жаткан мугалим ОшМУда иштебестигин айтып чыкты.
«Ош мамлекеттик университетинин кадрлар башкармалыгынын тастыктамасына ылайык маалыматта айтылган Ө.А аттуу жаран Ош мамлекеттик университетинде иштебейт. Андыктан маалымат каражаттарында тарап жаткан бул маалыматтын ОшМУга тиешеси жок экендигин кабарлайбыз«- деп жазылат расмий билдирүүдө.
Бирок, кармалган Ө.А.нын жакындары айыпталуучу аталган окуу жайга лаборант болуп жакында эле ишке киргендигин, бул иштин артында башка адамдар бар болушу мүмкүндүгүн айтышат.
Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматы айыпталган жаран аталган окуу жайда иштегендигин далилдеген фактылар бар экендигин, ошентсе да тергөө уланып жаткандыгын айтат.
«Пара талап кылуу фактысы боюнча 2 жаран шектелүүдө. Алардын бири лаборант, экинчиси да бар. Учурда тергөө уланып жатат, аталган окуу жайда иштегендигин тастыктоочу документтер каралууда» -дейт Ош ШИИБинин пресс катчысы Замир Сыдыков.
Пара алуу фактысы менен кармалган Өмүрбек А. кечээ, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргилген. Мыйзам боюнча 48 сааттын ичинде баш коргоо чарасы каралышы керек. Эртең 15-сентябр Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт.