7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

359

Ош облусунун Араван районунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүнүн (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Белгиленгендей, 479 а контурунда жеке турак жай куруу үчүн Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде 47 жер тилкеси бөлүнүп, идентификациялык код берилгени аныкталды. Анын ичинен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалы тарабынан 43 жерге жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар мыйзамсыз түрдө катталган.

Инвентаризациялык тизмеден алынган билдирүүгө ылайык, №479 а контурдагы жердин аталышы “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына кирүүчү “чөп сактоочу жай” катары көрсөтүлгөн.

Ушул жылдын 14-февралында А.М.Х.нын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында, жер тилкелерин берүү боюнча айыл өкмөтүнүн токтомдорунун, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө токтомдордун түп нускалары, жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар, ошондой эле иш үчүн маанилүү документтер табылган.

15-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы кылмышты жасоого айыпталып Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты, 1980-жылы туулган А.М.Х кармалып, Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, тергөө камак жайына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

360