7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Жетиген» менчик мектебинин окуучусунан вирус аныкталды

618

Ош шаарындагы «Жетиген» менчик мектебинин 3-классынын окуучусунан COVID-19 вирусу аныкталган. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, илдет кызга атасынан жуккан.

«Бир үй-бүлөдөн төрт кишиден чыкты. Эки кызы шаардагы «Олимп» жана «Жетиген» мектептеринде окушат экен. Атасы вируска Бишкектен кабылып, кийин үй-бүлөсүнө жуктурган. Учурда бул кыздар окуган мектептерге барып, тийиштүү санитардык зыянсыздандыруу иштерин жүргүздүк. Эки мектепте тең кыздар окуган класстар эки жумалык карантинге жиберилди, алар үйдөн онлайн окушат. Балдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү толук биздин көзөмөлүбүздө болот».

Бул маалыматты «Жетиген» мектебинин директору Зайнидин Момунов да ырастады. Анын айтуусунда, кыз өткөн жумада ооруп калып, үйүндө дарыланып жаткан. Анын менен чогуу окуган классташтары да эки жумага обочолонууга жиберилген.

«Жетиген» мектебинде 900 бала окуйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте да коронавирус балдарга жукканы лабораториялык жактан тастыкталган.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти. Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619