7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм» деп акча талап кылган жаран кармалды

621
Ошто «жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм» деп акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ күнү, 3-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал опузалап талап кылуу сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.
«Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул кармалган жигит 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы 1995-жылы туулган аял менен өз ара урушуп кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, машинасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманкаларынын бирине алып келген. Андан соӊ, бычак менен «өлтүрөм» деп коркутуусун улантып, жылаӊач чечиндирип өзүнүн телефонуна тартып алган.
Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колдорун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо, бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам» деп акча талап кыла баштаган. Айласы кеткен келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Эртеӊ, 5-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат», -деп билдирет басма сөз кызматынан.

622