Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери наркоканалды жабышты. Бул тууралуу 7-каналга аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда кылмыш иликтөө бөлүмүнө аталган тергөө изоляторунда отурган жарандар менен сыртта жүргөн кылмыштуу топтун өкүлдөрү өз ара аракеттенишип, мобилдик телефондор аркылуу байланышып, тергөө изоляторуна наркотикалык заттарды алып киришип, сатып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Тергөө абагында ал наркотикалык заттар кылмыштуу топ тарабынан нак акчага же болбосо алардын телефондоруна бирдик катары салынып тургандыгы маалым болгон.
“Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул тергөө изоляторундагы кылмыш учурда №5 тергөө изоляторунда өзгөчө оор кылмыш менен отурган 1988-жылы туулган Тилек Атиев жана мурда мыйзамсыз наркотикалык заттарды жүгүрткөндүгү үчүн ушул изолятордо отурган Тажикстандын жараны 1986-жылы туулган Гафур Гафуров экөө уюштургандыгы аныкталган.
Ушул эле изолятордо отурган 1988-жылы туулган Сардорбек Мирзабадалов (мурда бир нече жолу наркотикалык заттарды сактаганды, саткандыгы үчүн соттолгон) уюштуруучулардын тапшырмаларын аткарып, изоляторго наркотикалык затты алып кирүүнү уюштурган негизги фигурант болгон. Ал эми телефон аркылуу сырттагы кылмыштуу шериктери менен сүйлөшүп, тиешелүү салмактагы наркотикалык заттарды таап, ар кандай майда салмактарга бөлүштүрүп, тергөө изоляторуна алып кирүүнү уюштургандар Сардорбек Мирзабадаловго ушул эле абакта отурган 1997-жылы туулган Азаматжон Хамиджанов болгон”- деп айтылат маалыматта.
Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан буларга “почтальон” кызматын аткарып, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган жаран кармалган. Ал жогоруда белгилеген Сардорбек Мирзабадалов менен телефон аркылуу байланышып, анын буйругуна ылайык наркотикалк заттарды айткан жеринен алып, тергөө изоляторуна киргизип турган. Наркотикалык заттарды тергөө изоляторунун ичине киргизүүдө аталган изолятордо чарбалык бөлүмүндө жазасын өтөп жаткан мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган Мансур Юсупов жардам берген. Экөө тең кармалышкан.
Натыйжада, Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Оштогу №5-тергөо изоляторун сырттан наркотикалык заттар менен сырттан, эркиндиктен камсыз кылып турган жарандардын тобу дагы аныкталып, кармалышты. Алар:
1. “Саня” деген каймана аты менен белгилүү Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.С-н., ;
2. Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган М.И-ов;
3. Кара-Суу районуну тургуну 1980-жылы туулган А.К-ов (аны тинткен учурда жанынан Афганистанда даярдалган 250 грамм наркотикалык гашиш заты чыккан);
4. Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган А.К-ов кармалды. Ал өз ыкыяры менен үйүндө мыйзамсыз сакталып турган жалпы салмагы 983 граммды түзгөн наркотикалык затын (Афганистанда даярдалган гашиш) алып берген;
5.Ош шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган М. И-ов. Булардын баары мурда бир нече ирет соттолгондор.