7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу балдар онкологиясы госпиталдык мектебинин мугалимдерине айлык төлөнө баштады

360

Мамлекет Оштогу балдар онкологиясы госпиталдык мектебинин мугалимдерине маяна төлөй баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Госпиталдык мектеп – узак дарыланууга муктаж болгон балдардын үзгүлтүксүз билим алуусун камсыздоо үчүн оорукананын астында ачылган адистештирилген кабинет.

Эскерте кетсек, соңку төрт жыл бою «Жардам берүү оңой» фонду өз каражаттарынын эсебинен Оштогу мектептин мугалимдерине маяна төлөп келген. 2024-жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн госпиталдык мектептердин статусу боюнча форумда Оштогу госпиталдык мектептин мугалимдерине маяна төлөө маселеси көтөрүлгөн. Көп өтпөй маселе оң жагына чечилип, мамлекет мугалимдерге эмгек акы төлөй баштады.

Кыргызстандагы госпиталдык мектеп 2018-жылы “Жардам берүү оңой” фондунун демилгеси жана аракети менен ачылган. Азыр госпиталдык мектептер Бишкек, Ош шаарларындагы балдар онкологиясы бөлүмдөрүндө иштеп жатат.

361