7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Юстиция министрлигинде координациялык кеңешме болуп өттү

211

Бүгүн, 27–январда Юстиция министрлигинин административдик имаратында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында Юстиция министрлигинде мекеменин бөлүкчөлөрүнүн бардык жетекчилеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Аталган иш-чара коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.

Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, КР Юстиция министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди:

1) коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптарды белгилөөчү талаптар алынып салынды;
3) коррупциялык багыттагы оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайын/жолдошун мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Юстиция министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.

 

212