7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу кумар оюндары уюшулган жай жабылды

674

Оштогу кумар оюндары уюшулган жай жабылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Мындан бир аз убакыт мурда “Ошто казино бар экен, кыргыздар ойноп акчаларын уттуруп жатыптыр”-деген маалымат тараган. Аталган маалыматтын алкагында ИИМ иликтөө кылып, жыйынтык чыгарды. 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду.

Аталган жай казино эмес, букмекер (компьютердеги автоматтык оюн) экени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Казино боюнча тактай кетсем, Кыргызстандын жарандары ойногонго болбойт, мыйзам жол бербейт. Чет элдик жарандарга гана уруксат берилет»,- деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675