Ош шаарындагы «Ташрабатта» чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, өрт өчүрүү штаб, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматкерлери тартылган. Жабыркагандар жок»- деп берилет билдирүүдө.