7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу жол тескөөчү акча чогултканы үчүн кармалды

472

Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылуу менен алектенишкен.

Алар материалдык пайда табуу максатында жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес.

Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын 15-январында ИИМдин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалды.

Учурда тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

473