7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштун Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу мектеп курулат

157

Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Аталган аймактагы 200 окуучуга ылайыкталган М. Маматалиев атындагы №60 мектебинде учурда 400дөн ашуун окуучу билим алат.

Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына өткөн.

158