7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Отставкадагы генерал-майор Кемелбек Киязов эл аралык марафондо 3-орунду ээледи

144
Милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов Казакстанда өткөн эл аралык марафондо үчүнчү орунга ээ болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда Түркстан шаарында (Казакстан Республикасы) «Turkistan Marathon» салттуу жарышы өтүп, жыйынтыгы боюнча Кемелбек Киязов 60-69 жаш курактык категориясындагы спортчулардын арасында үчүнчү орунду ээледи.
Ал өзүнүн спорттук жетишкендиктерин келе жаткан кесиптик майрамы — түзүлгөнүнө 101 жыл толгон Кыргыз Республикасынын милициясынын күнүнө арнады.
Буга чейин, 2024-жылы ардагер Анталияда өткөн эл аралык марафондо Кыргызстандын атынан катышып, 10 км аралыкты 43 мүнөт 33 секундада ийгиликтүү чуркап өтүп, «Спорт чебери» наамын алууга ченемдерди аткарган.
145