7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пайдалуу кеңеш: Коон жаштыкты узартат

1498

Мөмө жемиштердин ичинен коон бул эң пайдалуусу болуп саналат. Бул жемиштин пайдалуулугу тууралуу кененирээк айтып беребиз.

Организмдеги шлактарды айдап чыгат

Коон ичегилерди тазалоого жардам берет. Анда көп өлчөмдөгү пектин заты бар. Коонду өзгөчө фаст-фуд, чипсы, шокалад сыяктуу ичти катыра турган тамактарды сүйүүчүлөр көбүрөөк жеш керек.

Жаштыкты узартат

Коондун курамында E, C, B, тобунун витаминдери теринин, чачтын, тырмактын, түзүлүшүн жакшыртат. Ошондой эле бырыштарды алдын алат.

Аялдардын ден соолугун жакшыртат

Курамында фолий кислотасы жана В тобунун витаминдери көп болгону үчүн коон өзгөчө аялдардын ден соолугу үчүн жакшы. Ал организмди ар кандай гинекологиялык оорулардан коргойт.

 Бет терисинин түсүн жакшыртат

Коон заара жана өт суюктугун айдоочу жеңил каражат болуп саналат. Эгерде сизди шишик кыйнаса же өтүңүздө көйгөй бар болсо, көбүрөөк коон жеңиз. Териңиздин түсү жакшырып баратканы бат эле байкалат.

Тактар жана безеткилер менен күрөшөт

Эгерде сизди бетиңизге чыккан безеткилер, андагы тактар ойлондурса, жумасына 2-3 жолу коон маскасын жасаңыз. Ал үчүн эзилген жумшак коонду бетиңизге шыбап 15 мүнөт жатып, андан кийин муздак суу менен жууп саласыз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1499