7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уйкусуздуктан кыйналасызбы? Уйкуну кантип жакшыртса болот?

815

Адамдын уйкусу өз убагында жакшы болсо, анда адам карылыкка баш бербейт. Эрте жатып, эрте туруп көнгөн адам ден соолуктун негизги шартын өзүнө түзүп алат. Таңкы таза аба, табигаттын тынчтыгы чуркоого, гимнастика жасоого жакшы мезгил болуп саналат.

Окумуштуулар булчуң релаксациясы узак жана тынч уктоого жардам берерин айтышат.

Муну аныктоо үчүн жүргүзүлгөн экспериментке 50 киши катышып, аларга күндүз уктап туруу сунушталган. Жатар алдында алардын жарымы он мүнөт бою спорттук көнүгүүлөргө ылайыктуу музыка угуп, булчуң көнүгүүлөрүн жасашкан. Экинчи топ Моцарттын музыкасын угушкан.

Булчуң көнүгүүлөрүн жасаган адамдардын мээсинин уйкуга жооп берген оң жарым шары жакшы иштеп, организмди толугу менен калыбына келтиргени байкалды. Бул техниканын аркасында уйку учурунда эс тутум жана эмоционалдык абал сыяктуу маанилүү функциялар жакшыраак калыбына келет.

Андыктан адистер маал-маалы менен булчуңдардын релаксациясын кылып турууну сунуштайт. Бул көнүгүүлөрдү туура кылуу үчүн видеолорду интернеттен карап алсаңыз болот.

 

816