7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандык студенттер кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасашты

1926

Пакистандын Кыргызстанда билим алган студенттеринин федерациясы фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргыз  коомчулугуна кайрылуу жасады. Анда чет элдик студенттер Кыргызстанга татыктуу, сапаттуу билим алуу үчүн келгенин, алар өлкөнү сыйлап, жергиликтүү элге эч качан акаарат кылбаганын жазылган.

«Азыркы тапта Бишкектеги айрым адамдар пакистандык атуулдарга карата жагымсыз маалыматтарды таратууда. Баарыңыздарды чет элдик студенттерге жакшы мамиле кылууну суранабыз. Азыркы тапта Бишкекте жүргөн көп пакистандыктар студенттер эмес. Алар 15 күндүк карантинге алынып, Дубайга же башка өлкөлөргө кетчүлөр. Пакистандыктар Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жашап келет. Канча ирет өлкөгө зыян келтиргени катталды эле? Пакистандыктардын жашоо образы айрымдардын ачуусун келтирип жатат. Бул глобалдык көйгөйбү?«, — деп жазылган.

Буга чейин интернет булактарында Бишкек шаарынын көчөлөрүндө, Пакистандыктар көбөйүп жаткандыгы талкууланып, айрымдар «Оогандагы согуштан качкан качкындар Бишкеке келип жатабы?» -деген кооптонуусун билдиришкен.

Буга, УКМКнын Чек ара кызматы расмий билдирүү таратып, «Чек ара тыкыр көзөмөлдө, эч ким мыйзамсыз, документсиз чек арадан кирген жок. Ал эми Бишкектин көчөлөрүндө пакистандыктардын көбөйүп калгандыгы, «туристтик виза» иштеп баштагандыгы менен байланыштуу. Алар мыйзамдуу келген коноктор» -деп билдирди.

Эске сала кетсек, 8-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жарлыкка ылайык, 11 өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстанга кирип-чыгууга жеңилдик алган.

  • Алжир
  • Бангладеш
  • Египет
  • Индия
  • Иордания
  • Ливан
  •  Марокко
  • Непал
  • Пакистан
  • Тунис
  • Шри-Ланка өлкөсүнүн жарандары мындан аары туристтик виза менен Кыргызстандын аймагында 1 ай бою эркин жүрө алат.  Ал үчүн Сауд Аравия, Кувейт, Катар, Бруне-Даруссалам, Оман жана  Бахрейнде туруктуу жашаган жайы бар экендигин тастыктап, атайын жеңилдиктер берилген туристтик виза алат.

Мындан улам, Кыргызстан мындан аары эл аралык аба каттамынын ортомчу борборуна айланып, Бишкекте туристтердин саны көбөйүшү күтүлөт. Бул бир жагынан кооптонуу жаратса, экинчи жагынан өнүгүүгө, экономикалык карым-катнашка жол ачат.

Марипов кол койгон жарлык 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1927