7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке расмий сапары менен келди

172

Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке расмий сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар болуп, документтерге кол коюлат.

Пакистандын премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

173