7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандын жарандарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөн уюштуруучулар кармалды

526

Мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна 1700 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын которуп жаткан учурда Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-октябрда УКМК тарабынан Пакистандын жарандарын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу КР жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.

Ушул жылдын 12-октябрында «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу» беренесиин негизинде кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу КР жараны кармалды, алар Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

527