7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Памирдеги кыргыздардын мал-жандыктарына ветеринардык жардам көрсөтүлдү

24

Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга ветериндардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин чечими менен этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында түзүлгөн делегациянын курамында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эки кызматкери да иш сапарда болушту.

Жергиликтүү тургундардын айыл чарба мал-жандыктарынын саны такталып, ветеринардык кароодон өткөрүлдү.

Жыйынтыгы боюнча:

төө – 10 баш;

жылкы – 40 баш;

ири мүйүздүү мал (топоз) – 367 баш;

майда жандык (кой, эчки) – 840 баш текшерүүдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, зооноздук, жугуштуу жана паразитардык ылаңдардын алдын алуу, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу-тренинг уюштурулду. Ага жалпы 418 киши катышып, алардын ичинен 290 катышуучу менен кошумча жеке түшүндүрүү аркылуу маектешүү өткөрүлдү.

Кичи жана Чоң Памирге жеткирилген ветеринардык гуманитардык жардамдын курамы төмөнкүчө болду:

альбендазол – ИММ 6 600 башка, же МЖ 36 000 башка жеткидей көлөмдө;

топзантел – ИММ 6 000 башка, же МЖ 50 000 башка жеткидей көлөмдө;

окситетрациклин-200 – жугуштуу жана жугушсуз ылаңдарга чалдыккан айыл чарба жаныбарлары үчүн ИММ 1 000 башка, же МЖ 3 300 башка жеткидей камсыздалды;

хелп спрей (аэрозоль) жана АСД-3 препараттары – мал-жандыктардын ар кандай сырткы ачык жараларын дарылоо үчүн жетиштүү көлөмдө жеткирилди.

25