7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Панфилов районундагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды

234

Чүй облусунун Панфилов районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды.
Буга чейин, 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө «А.В.Ш.» аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын жана маданият үйүнүн ээси жалпы аянты 2 миң гектардан ашык социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, аталган объектилер менен бирге баасы 641 млн 449 миң сомду түзгөн 1,25 гектар жер тилкелерин Панфилов районунун Кайыңды шаарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди», — делет маалыматта. 

Белгилей кетсек, КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

235