Пара менен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси тергөө аяктаганга чейин камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, 23-июнда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.
24-июнда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин тергөө абагына камалды.