7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара алган судьяны УКМК кызматкерлери кууп кармады

400

Чүй облустук сотунун эки судьясы пара алууга шектелип кармаллы. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2-июлда 6 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын 2 судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

Камакка алуу учурунда судья кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн.

Бул судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучудан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 000 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң АКШ долларын талап кылган. Акчаны алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн.

3-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар жана соттук отурумдун катчысы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

401