7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору кармалды

1009

Акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору  кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, директор 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен.
Учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1010