7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

390

“Манас” эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты. Салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди.

«Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды  сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиз үчүн Сизге өлкөнүн Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, бүгүн бүт Кыргызстан сиздердин күчүңүздөрдү жана туруктуулугуңуздарды көрүп турат. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз”,-деди МинКаб башчысынын орун басары.

Ал гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Паралимпиадалык команданын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

391